Депутат: "Садыр Жапаров сунуштаган мыйзам долбоору ишкерлер үчүн кооптуу"
Депутат Дастан Бекешев президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров сунуштап жаткан экономикалык амнистия тууралуу мыйзам долбоору адал иштеп жаткан ишкерлер үчүн кооптуу болушу мүмкүн деп эсептейт. Бул тууралуу эл өкүлү "депутаттын ойлору" аттуу телеграмм каналында айткан.
Мыйзам долбоору кечээ, 28-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында каралып, кворум болбогондуктан добушка коюлган эмес.
Депутат Бекешевдин пикиринде, мыйзам долбоору иштеп баштаса укук коргоо органдары ишкерлерге карата кыянаттык жасап коюшу мүмкүн.

Мени кооптондурган нерсе, укук коргоо органдары бул нормаларды кыянаттык менен пайдаланып башташы мүмкүн. Мисалы ишкердик менен алек болгон бир адамды кармап, сен салык төлөөдөн баш тартып жүргөнсүң деп туруп СИЗОго камап койсо, ал албетте, кутулуу үчүн акча төлөшү керек болуп калат. Кыскасы, мыйзам долбоору чоң кооптонууну жаратат", - деген Дастан Бекешев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
1

