Футзал боюнча Казакстандын ачык чемпиондугунда кыргызстандык "Дордой" ири эсепте жеңишке жетишти
Футзал боюнча Казакстандын ачык чемпиондугуна катышып жаткан Кыргызстандын чемпиону “Дордой” күйөрмандарын ири жеңиши менен кубандырды. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан маалымдашты. Кечээ Кант шаарында “Дордой” казакстандык “Тайпакты” кабыл алды. Голдорго бай беттеште мекендештерибиз 14:2 эсебинде жеңип чыгышкан. Бүгүн аталган атаандаштар кайрадан күч сынашат. Оюн Кант шаарындагы “Цементник” спорт-комплексинде өтөт. Башталышы 15:00дө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.