super.kg logo

"Керемет Банк" контактсыз UnionPay International карттарын тейлөөгө ала баштады

 

Банктык жабдуулар саны боюнча Кыргыз Республикасында эң мыкты банк деп табылган "Керемет Банк"' өз банкоматтарында популярдуу болгон эл аралык UnionPay International төлөм тутумунун контакттык эмес карттарын тейлөөгө ала баштады.


"Керемет Банк" UPI'нин Кыргызстандагы эң биринчи өнөктөштөрүнөн болуу менен бир катар жылдар аралыгында өлкөнүн ар бир облустарында картты кармап туруучулардын заманбап чечимдерге жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу тармагында активдүү иштерди аткарып келе жатат.

Кыргызстанда айыл жеринин жана алыскы райондордун жашоочуларынын олуттуу саны банктык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү ала албай келишкен. Аталган көйгөйдү чечүү үчүн банк кыска мөөнөт ичинде масштабдуу жана өлкөнүн көптөгөн финансы кредиттик мекемелери үчүн оорчулук болуп келген долбоор, өлкөнүн жетүүчү үчүн эң кыйын болгон аймактарына контактсыз ридерлери менен 100 банкоматты жекирүү, орнотуу, кошуу жана тейлөөгө алууну аткарган, ал аймактардын катарына төмөнкүлөр кирген: 19 – Баткен, 17 –Жалал-Абад жана Ош, 13 - Ысык-Көл жана Чүй, 12 –Нарын жана 9 – Талас облустарында каралган.

Банкоматтардын жана алардын программалык камсыздоолорунун кымбаттыгынан, аймактардагы инфраструктуралардын өнүгүүсүнүн төмөндүгүнөн, жабдууларды күтүүнүн баасынын жогору болушунан, ошондой эле аларды инкассациялоо татаалдыгынан улам Кыргызстандын бардык эле банктары мындай кадамдарга бара бербейт. "Керемет Банк" ал долбоорду ийгиликтүү ишке ашырган жана бүгүнкү күнү банктын банктык түйүнү өлкө боюнча 250 жабдуудан ашкан, келечекте аны кеңейтүү мерчемделип жатат.

Элдердин банктык кызматтарга жеткиликтүүлүгү жана алардын жашоосу инфраструктурага көзкаранды экендигин Банкта жакшы түшүнүп турат, ал эми UnionPay кыргыз өнөктөшү дагы соода-сервистик ишканаларда POS-терминалдар санын жогорулатуу жана төлөм терминалдарын кеңейтүү, өлкөдө онлайн-сервистерди, мобилдик жана интернет банкингди өнүктүрүүнүн, ошондой эле заманбап технологияларды жана дүйнөлүк стандарттарды колдонуу менен жаңы банктык чечимдерди киргизүүнүн үстүндө активдүү иш алып барууда.

Эл аралык UnionPay төлөм тутуму 2300дөн ашык чет өлкө мекемелери менен кызматташып келет, анын карттары дүйнөнүн 61 өлкөсүндө чыгарылат жана 179 мамлекетте кабыл алынат. Дүйнөдө чыгарылган карттар саны боюнча лидер болуп саналуу менен, UnionPay банктык тутумга гана эмес, төлөм тутумунда чечимдерди жана технологиялык мүмкүнчүлүктү сунуштоо аркылуу олуттуу сандагы кардарларды тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон чекене соода жана чакан бизнес өкүлдөрү үчүн дагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: