Бишкек ЖЭБинде авария болду. Себептери такталууда

Бүгүн, 29-октябрда Бишкек ЖЭБинде системдик авария болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Улуттук энергетикалык холдингдин" басма сөз кызматынан билдиришти.
"ЖЭБдин жогорку чыңалуудагы тармактарында системдик авария болду. Авариялык абалдын улануусун болтурбоо максатында энергетикалык системде коргоо системи ишке кирген. Шаар тургундары тарабынан айтылып жаткан ЖЭБден чыккан коюу түтүн жылуулук казандарынан чыгарылган буу. Бул казан агрегаттары иштен чыкпоо үчүн жасалган. Учурда системдик авариянын себептери такталууда", - дешти маалымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.