super.kg logo

ЖЭБдин директору ишканадагы авария боюнча түшүндүрмө берди

 

Бүгүн, 29-октябрда Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, шаар тургундарына жылуулук, ысык суу берүү үзгүлтүккө учурады. Буга байланыштуу Жылуулук электр борборунун директору Андрей Воропаев түшүндүрмө берди.

"Бүгүн 13:06да жылуулук электр борборунда өчүрүү болду. Ал учурда 110 киловольттук линиянын чыңалуусу жоголуп кеткен. Мындан улам станцияга күч келген жана жылуулук берүү токтогон. Азыркы тапта станциянын иши 75 пайыз калыбына келтирилди, дагы да болсо калыбына келтирүү иши уланууда. Шаардыктар кабатырланбай эле койсо болот, азыр баары жакшы", - деди Воропаев.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Андан кийин ЖЭБди жаңылоого Кытайдан алынган 386 миллион доллар насыя туура эмес пайдаланганы ачыкка чыгып, 4 кылмыш иши козголгон.

Анын негизинде энергетика тармагындагы ишканалардын жетекчилеринен тышкары мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев жана башкалар кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: