super.kg logo

"Бишкек жарык" жана "Бишкек жылуулук энерго" ишканасынын жетекчилери ИИМге чакырылды

 

Кечээ, 28-октябрь күнү "Бишкек жарык" жана "Бишкек жылуулук энерго" ишканасынын жетекчилери ИИМге чакырылган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мурдагы вице-мэр Алымбек Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, жетекчилерди чакыртуунун башкы себеби, алар кызматкерлерди мурдагы вице-мэрлерди колдоо максатында митингге үндөбөө болгон.

"ИИМдин жетекчиси биздин эки ишкананын жетекчилерине телефон чалып чакырышкан. Аларды келип басып, кысымга алды деген маалыматтар боюнча эч кандай ызы-чуу болгон эмес. Бул жерде жөн гана сүйлөшүүлөр болгон. Алар элди жана кызматкерлерди митингге үндөбөөгө жана массалык башаламандык уюштурууга жол бербөө тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Андан кийин эки жетекчи тең өз жумуштарына кайтып, азыр иш күндөрү тынч өтүп жатат", - деди Абдылдаев.

Белгилей кетсек, 27-октябрда Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Кийинчерээк мэрия эки вице-мэр - Виктория Мозгачева жана Алымбек Абдылдаевди кызматтарынан бошотулганын билдирген.

Андан көп убакыт өтпөй "Бишкексвет" жана "Бишкек жылуулук энерго" муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери мэриянын алдында вице-мэрлерди кызмат ордуна кайтаруу талабы менен митингге чыгышкан.

Эске салсак, Алымбек Абдылдаев буга чейин аталган ишкананын жетекчиси болуп иштеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: