Бишкекте 23 жаштагы Ратбек Валиев дайынсыз болуп изделүүдө
Бишкекте 23 жаштагы Ратбек Валиев дайынсыз болуп изделүүдө.
Маалыматка ылайык, 25-октябрь күнү Октябрь РИИБине шаар тургуну Ратбек Валиев аттуу уулу дайынсыз болуп жоголуп жатканын кабарлаган.
Ал 1997-жылы туулган жана 2-топтогу майып.
24-октябрь күнү саат 20:00 чамасында Ахунбаев көчөсүндөгү үйдөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес.
Өзгөчө белгилери: Бою 165-170 сантиметр, чачы кыска, орто дене түзүлүштө.
Кийип жүргөн кийимдери: кара түстөгү ветровка, кара түстөгү шым кийип жүргөн.
Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көрүп билген болсо, төмөнкү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш телефону: 0(312) 54-41-84, 0(555) 01-17-17.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.