БШК Жогорку Сотко кайрадан кассациялык доо арыз менен кайрылды

Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдын 20-декабрына белгиленген парламенттик шайлоо мөөнөтүнүн жылдырылышы боюнча Жогорку Сотко кайрадан кассациялык арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, кассациялык доо арызды кароо мөөнөтү белгилене элек.
Эске салсак, БШК Бишкек шаарынын административдик сотунун шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча чыгарган чечимине каршы экенин билдирип, 26-октябрда Жогорку Сотко кассациялык доо арызы менен кайрылган.
Бүгүн, 29-октябрда Жогорку Сот БШКнын доо арызын артка кайтарганы маалымдалган.
Окуянын чоо-жайы:
6-октябрда БШК алдыда өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. БШК кайра шайлоонун мөөнөтүн 2020-жылдын 20-декабрына белгилеген.
Бирок БШКнын чечимине каршы "Актив" партиясы жана Демократия жана жарандык коом коалициясы Бишкек административдик сотуна кайра шайлоо өткөрүү чечимин жараксыз деп табуу боюнча доо арыз менен кайрылган.
Бишкек шаарынын административдик соту 24-октябрда БШКнын 21-октябрдагы кайра шайлоонун мөөнөтүн дайындоо боюнча кабыл алган чечимин жокко чыгарган.


1 |