Бишкек шаарынын вице-мэри болуп Жамалбек Ырсалиев дайындалды
Бишкек шаардык мэрияда кайрадан кадрдык өзгөрүүлөр орун алды. Жамалбек Ырсалиев борбор калаанын турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.
Белгилей кетсек, Жамалбек Ырсалиев буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон.
Ошондой эле, бүгүн 29-октябрда Айжан Чыныбаева борбор калаанын социалдык маселелер боюнча вице-мэри болуп дайындалса, биринчи вице-мэр болуп Алмаз Бакетаев дайындалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.