super.kg logo

Улуттук онкология борбору бейтаптарды кабыл алууну токтотту. Себеби эмне?

 

Улуттук онкология жана гематология борборуна онкологиялык оорулары бар бейтаптарды пландаштырылган жаткыруу токтотулду. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, борбордун №1, 2, 3, 4, 5, 9, 10, 11 бөлүмдөрү чоң адамдардын гематология жана онкология бөлүмү, анестезиология жана жандандыруу бөлүмү COVID-19 илдетине чалдыккан бейтаптардын жана кызматкерлердин болгондугуна байланыштуу карантинге жабылган.

Ал эми "Тез жардамга" муктаж болгон бейтаптарды жаткыруу кадимки режимде жүргүзүлөт.

"Химиотерапияны бөлүмдөрдө алган бейтаптар алууну улантышат. Кайрадан кайрылгандар поликлиникадан кабыл алынышат, ошондой эле ал жерде амбулатордук шартта химиотерапия алган бейтаптар дарыланышат. Оор абалда бейтаптар кайрыла элек, алар профилдүү бөлүмдөргө жайгаштырылат", - деп билдирген Улуттук онкология жана гематология борборунун убактылуу директорунун милдетин аткаруучу Бактыгүл Султангазиева.

"Онкологиялык илдети барларга атайын медициналык жардам көрсөтүү үчүн ичинде Улуттук онкология жана гематология борборунун бөлүмдөрүндө орун алмаштырылууда. Атап айтсак, балдарды амбулатордук түрдө кабыл алуу үчүн №4 корпустун бир бөлүгү, кайрадан келген балдар үчүн №12 бөлүмдүн бир бөлүгү берилди, онкогематология бөлүмүнүн 2-кабаты "Тез жардамга" муктаж бейтаптарды жаткыруу үчүн берилди. Улуттук онкология жана гематология борборунун поликлиникасы штаттык режимде иштеп жатат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: