super.kg logo

ИИМ: "Жыл башынан бери 550дөн ашык мал уурдоо фактысынын бети ачылды"

 

2020-жылдын ушул күнүнө чейин өлкө боюнча жалпы 557 мал уурдоо фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жыл башынан бери сотко чейинки өндүрүштө мал уурдоого байланыштуу 793 материал болгон, анын ичинен Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 557 фактысынын бети ачылган. Республика боюнча мал уурулук менен алектенген 112 адамдан турган 51 кылмыштуу топ кармалган.

Кылмыштуу топтордун мыйзамсыз аракетинен жалпысынан 1 миң 973 мал уурдалган, анын ичинен 1 миң 55 мал ээлерине кайтарылып берилген. Алардын ичинен ийри мүйүздүү бодо мал 583, кайтарылып берилгени 313, 908 майда мүйүздүү мал жандыгы уурдалса, 478 кайтарылып берилген. Уурдалган жылкынын саны 482. Анын ичинен ээлерине кайтарылып берилгенинин саны 232. Жарандарга келтирилген жалпы зыяндын суммасы 46 миллион 744 миң сом, анын ичинен кайтарылганы 26 миллион 987 миң сомду түзөт", - деп билдиришти министрликтен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.10.2020. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уурулук жасагандын колун кесиш керек деп ойлойм. Калгандарына сабак болушу керек.
30.10.2020. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буту колу шал болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: