super.kg logo

"Бүтөт деген ушу турбайбы" деп 3 ай депрессияда жүрдүм" дейт жардамга муктаж актёр Тилек Жумагазиев

 

Тасмаларда, спектаклдерде көптөгөн ролдорду жаратып, калың элге таанылган актёр Тилек Жумагазиев "Геппатит Д" (боордун кургап кетүүсү) диагнозу менен жабыркап келет. Бул тууралуу актёр SUPER.TV каналына маек берип жатып билдирген.

Анын айтымында, операция Индия же Түркия мамлекеттеринин биринде жасалып, ага чоң суммадагы акча каражаты талап кылынат. Ооруганына карабай жумушуна чыгып, иштеп жүргөн актёр буларга токтолду.

"Азыркы заманың бул болсо кантип жумушка чыкпай коёсуң? Жаныңды дагы багыш керек да, дары-дармегиңди алыш керек дегендей. Кудайга шүгүр, иштегенге күч, даремет жеткенсип эле турат. Бул оорунун ооруганы деле көп билинбейт экен. Бооруң ошо билинбей эле кургап кете берет экен. Анан бир күнү эле ооруп каласың, ооруканага барып анализ тапшырсам эле бооруң кургап баратыптыр, тез арада алмаштырбаса болбойт дешти.

Кесиптештерим дагы эл-журтка бир кайрылып көрөлү дешти эле. Ыңгайсыз болот экенсиң, эл пандемия шартында кыйналып жатса, өлө турган болсок, бир күнү кетебиз да деп. Бирок баары бир эле бир аракет кылып көрөлү деп сунушташты. Билбейм эми кандай болот, жашагың келет экен, бала-чака, неберелерди көргүң келет экен.

"Бүтөт деген ушу турбайбы" деп 3 ай депрессияда жүрдүм. Доктурлардын айтканы боюнча маанайыңды түшүрбөө керек экен, позитив менен жүрүп, өзүңөрдү кармагыла деп айтып жаткандарына карабай пенделик кылып түшүп кетет экенсиң. Ошентип акырындан өзүмө келип, акыркы бир жарым айдан бери ишке чыгып, өзүмдү алаксытып жүрөм", - деди Тилек Жумагазиев.

Белгилей кетсек, Тилек Жумагазиев учурда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенет.

Актёрдун кесиптештери буга чейин видео кайрылуу жасап, калың элдин колдоосуна муктаж болуп жаткандарын билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.10.2020. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Коп тукурсо кол болот дейт,андыктан баары жакшы болот.
29.10.2020. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жардам берели
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: