super.kg logo

Билим берүү жана илим министрлиги катасы жок китептерди басуу боюнча иш-чараларды баштады

 
Китептердин сапаты, анын экспертизалоо, катасы жок китептерди басуу боюнча иш-чаралар башталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев түз эфирде билдирди.
"Билим берүү тармагында реформа жасоо иштери башталды. Буга түзүмдүк өзгөрүүлөр, билим берүү жана мазмуну боюнча өзгөрүүлөт кирет. Мазмун боюнча өзгөрүү бул китеп маселесине байланыштуу. 10 күн мурун окуу китеп, мекеменин курулушу боюнча буйрукка кол койдум. Китептердин сапаты, аны экспертизалоо, катасы жок китептерди басуу боюнча иш-чараларды баштайбыз деп турабыз. Китеп үчүн бир жылда 120 миллион сом бөлүнөт. Бирок бизге керектүү болгон сумма бир жылга 600 миллион сомду түзөт.
Китептердин сапаты боюнча башкача мамиле менен иштейли деп жатабыз. Ага карата чыгармачылык топ куралды. Бул топко жаш, мыкты адистер кирди. Министрликтин астында окуу китеби деген жаңы мекеме ачылып жатат. Ал жөнүндөгү буйрукка кол койдум. Алар китептин маанисин, мазмунун, эл аралык стандарттарга жооп берүүсүн, өлкөнүн эмгек рыногуна жооп берген бардык жактан айкалышкан китептер чыгып баштайт деп мен силерди ынандыргым келет. Бул ишти ыкчам колго алып баштадык. Китептердеги материалдар жаш өзгөчөлүктөргө туура келбейт деген маселе турат. Китептердин мазмунун, жаш курактык психология жооп бериши тууралуу дагы маселе бар. Бул боюнча иш-чаралар башталды", - деди министр.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.10.2020. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы масаледен башталыптыр жумуштун башталышы. Так илимдерге кобуроок конул бурулсунчу, себеби каталар ото коп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: