super.kg logo
  Саясат  

Президенттин жаңы маалымат катчысы Галина Байтеректин өмүр баяны

 

Кечээ, 29-октябрда президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Галина Байтерек президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалган.

Галина Байтерек 1971-жылы 19-июлда Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун Ровное айылында туулган. Ал 1990-1996 жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин орус филологиясы факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1994-2001-жылдары «Баластан» балдар студиясынын режиссёру, редактору жана алып баруучусу болуп иштеген. «Сами с усами», «К сокровищам инков», «Великолепная семерка» «Хочу всё знать» балдардын теле берүүлөрүнүн, өспүрүмдөр үчүн «Пятая стена», «Наристе Аземи», «Весёлые нотки» музыкалык программалардын автору.

  • 2002-2004 жылдары — КТРдин «Дневной блок телепередач» программасынын баяндамачысы. «Тема дня» аналитикалык программасынын алып баруучусу.

  • 2004-2006-жылдары — КТРдин жарнама-коммерциялык агенттигинин «Арноо концерти» программасынын режиссёру болуп иштеген.

  • 2007-2008-жылдары — КТРдин социалдык-экономикалык инновациялык программалар редакциясынын башкы редактору. «Ала тоо плюс», «Народ хочет знать», «Акцент» программаларын түз эфирде алпарган.

  • 2009-2010-жылдары «ЭЛТР» ТРКсынын баяндамачысы болуп иштеген, «Итоги недели» аналитикалык программасын алып барган.

  • 2010-2015-жылдары — КТРКнын социалдык-экономикалык жана инновациялык программалар башкы редакциясынын саясий редакциясынын баяндамачысы. «Народ хочет знать», «ЦИК сообщает» программаларынын алып баруучусу.
  • Кыргыз Республикасынын президентинин жана Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоого байланыштуу бардык түз эфирдеги программалардын алып баруучусу.
  • «Свободный микрофон» ток-шоусунун автору жана алып баруучусу.
  • «Стратегия-2040» президенттик программасынын алып баруучусу.

Сыйлыктары:

— 2011-жылы — «КТРКнын мыктысы»;

— 2014-жылдан тарта жыл сайын «Слово Кыргызстана» жана «Кыргыз-Туусу» гезиттеринин «Жылдын мыкты редактору» наамын алып келет.

— Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин «Мыкты кызматкери».

Үй-бүлөлүү, үч баланын энеси.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: