super.kg logo

Укук коргоочулар ЖАМКты соттолуучулар жаткан жайлардын абалын жакшыртууга чакырды. Буга ЖАМКтын жообу (сүрөттөр)

 

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбору, акыйкатчы институту, "Бир Дүйнө-Кыргызстан" укук коргоочулар уюму ушул жылдын 22-сентябрынан 23-октябрына чейин Чүй облусунун аймагындагы убактылуу кармоочу жайларга профилактикалык иш-чараларды жүргүзгөн. Иш-чаранын максаты адам укуктарынын сакталышы, COVID-19 эпидемиясына каршы даярдык, медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулган.

Анда СИЗОнун камераларында, камера тибиндеги бөлмөлөрдө болушкан. Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбору жыл сайын Жогорку Кеңешке берген отчётторунда СИЗОдо жана камераларда абал өтө канааттандырарлык эмес экенин айтып келишкен. Ага мисал катары Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын айрым мекемелериндеги жаза өтөөчү жайларындагы сүрөттөр сунушташат.

28-октябрда иш-чаранын жыйынтыгы чыгарылган. Ал эми Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы бул айтылган маалыматтарды чындыкка дал келбестигин билдирген. "Укук коргоочулар абакта кармоо режимин одоно бузгандыгы жана соттолгондордун коронавирус инфекциясын массалык жуктуруп алган фактылары негизсиз. Коомдо жана соттолгондордун туугандарынын арасында дүрбөлөң жаратып, ошону менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелериндеги ыкчам кырдаалды туруксуздаштыруу үчүн жасалма шарт түзүп жатышат", - деп билдирген ЖАМК.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.10.2020. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кылмыш кылдыңбы жазасын алыш керек оңдогонго эчкандай себеп жоккодейм кылмышкерди 3 жылдыздуу мейманканда бакпай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: