super.kg logo

"Бир ай мурда болгон окуяны коомчулукка эмнеге чыгарганы түшүнүксүз". Гүлнур Сатылганованын патрулдук милициянын кылтагына илинген видеосу талкууда

 

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлнур Сатылганованын патрулдук милициянын кылтагына илинген видеосу интернет айдыңына тарады. Окурмандардын талкуусуна жем таштаган окуя мындан бир ай мурда катталган. Мындай маалыматты патрулдук милициянын басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.

"Окуя 2020-жылдын 26-сентябрында Чүй кең көчөсү менен Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Анда Коопсуз шаар долбоорунун алкагында, жол эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптардын төлөнбөгөндүгүн электрондук планшет аркылуу аныктаган милициянын кайгуул кызматкерлери аталган унааны токтотушкан. Текшерүү учурунда айдоочу спирт ичимдигин ичкенге шектелип, текшерүүдөн кийин спирт ичимдигин ичкендиги аныкталган. Унаа убактылуу короо жайына токтотулуп, айдоочуга карата тийиштүү протоколдор толтурулган. Ошол күнү рейддик иш-чара болуп, аны "ЭлТр" телеканалынын журналисттери тартып жүрүшкөн. Эмне үчүн бул видеону бир ай убакыт өткөндөн кийин коомчулукка чыгарганы бизге да түшүнүксүз.

Видеодо көрүнүп тургандай, айдоочу тарабынан кайгуул кызматкерлерине эч кандай каршылыктар болгон эмес. Ал үчүн айдоочуга терең ыраазычылык билдиребиз. Мыйзам алдында жөнөкөй жаранбы, мамлекеттик кызматкерби же маданият өкүлүбү, айтор, бардык жарандар бирдей экенин дагы бир ирет эскертебиз!
Тактоо учурунда айдоочу авто унаасын эртеси күнү айып пулун төлөп чыгарып кеткендиги белгилүү болгон", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
30.10.2020. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
А эмнеге ошол эле депутаттарды алардын балдарын мас учурда айдаганда тартпайт, макул тартпасын токтото дагы алышпайт алардын машиналарын жатка билишет.Анан ушундай туура адам болуп кетебиз болбосо акырын правага 100 сом салып кой дегени менен иши жок .
30.10.2020. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Менин оюмча бут баарыбызда кемчилик бар.Гульнур Сатылганованын авторитети мурда кандай болсо,азыр деле ушундай.Башкаларга окшоп милициянын кашын жара тепсе бир жон.Гульнур эжебиздин талантындай талант эч кимде жок!Болбогон нерсени кооп соз кылбайлы
30.10.2020. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура эмес кылышыптыр. Бирок Гулнур эженин ичип рульда кеткенин бироосу зв.менен жеткирген, анан булвр тоскону билинип калыптыр. Эч нерсе эмес эже эртен эле ким экени билинет, кайтаар дунуйо дейт го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: