super.kg logo
  Спорт  

Пауэрлифтинг боюнча кыргызстандык Бакыт Керимбеков Азия чемпиондугунда күмүш медаль тагынды

 

Монголиянын Улан-Батор шаарында 21-22-сентябрь күндөрү өткөн пауэрлифтинг (штанганы жатып көтөрүү) боюнча  Азия чемпиондугунда кыргызстандык Бакыт Керимбеков күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу КРнын пауэрлифтинг федерациясы билдирет. Кыргызстандык спортчу Бакыт Керимбеков 50-59 жаштагы чеберлер 2 бөлүгүндө 93 килограммга чейинки спортчулар менен ат салышты. Биринчи орун үчүн талаш кыргызстандык Бакыт Керимбеков менен япониялык Китагава Такеши ортосунда жүрүп, япондук спортчу жеңип кетти. Биринчи көтөрүүдө Бакыт Керимбеков 230 килограмм салмакты багынткан, бирок бул салмакты япониялык спортчу да багынтканга жетишкен. Кийинки чыгууда кыргызстандык спортчу япониялык балбанга таандык болгон 235 килограмм Дүйнөлүк рекорд жаңыртуу аракет кылып 235,5 килограмм салмакты багынтууга аракет кылган, тилекке каршы, ал салмакты көтөрө алган эмес. Ал эми япониялык спортчу болсо өз рекордун жаңыртып 236 килограмм салмакты көтөрүүгө үлгүргөн.     






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.09.2013. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охоо кандай жакшы ээ,бирок жатып алып кандай которот?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: