ИИМдин кызматкерлери 9 айда жалпы 97 миң 332 жолу окуя болгон жерге чыгышкан
Ушул жылдын акыркы 9 ай ичинде ИИМдин милиция кызматкерлери 97 миңден ашуун окуя болгон жерге барышкан. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9 ай ичинде ИИМдин кызматкерлери катышкан нөөмөт бөлүктөрүнүн ыкчам тергөө топтору окуя болгон жерге жалпы 97 миң 332 жолу чыгышкан. Алардын тизмеги:
Жалган чакыруулар - 2 миң 304;
Кылмыш жана жорук фактылары боюнча - 77 миң 979;
Медициналык мекемелерге (криминалдык мүнөздөгү жаракаттар) -17 миң 49;
Тергөө ыкчам топтор - 1 миң 867 кылмыштын бетин ачышты.
ИИМдин борбордук аппаратынын ыкчам нөөмөтчүлөрү тарабынан 5 миң 455 телефон чалуулар каралган. Алар: криминалдык мүнөздөгү – 1 миң 946, коомдук-саясий мүнөздөгү – 831, маалыматтык-маалымдама мүнөзүндөгү – 2 миң 678.
"Күн сайын жетекчи курам тарабынан нөөмөтчү топторго республиканын аймагындагы коомдук-саясий жана криминалдык абал тууралуу мааалымат берилип, нөөмөт убактында жеке жоопкерчилиги тууралуу, өз милдеттерин так аткарууга тапшырмалар коюлат", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.