Ички иштер министри кыргыз милициясынын кесиптик майрамы менен кесиптештерин куттуктады



Быйыл кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 96 жылдыгына карата ички иштер министри Улан Ниязбеков кесиптештерин кесиптик майрамы менен куттуктап, кезектеги атайын наамдарды, ведомстволук сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 30-октябрда ички иштер министри Улан Ниязбеков 1-ноябрь күнү боло турган кыргыз милициясынын кесиптик майрамына карата кесиптештердин жана ардагерлерин куттуктады.
"Урматтуу кесиптештер, ардагерлер! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Сиздер күнүмдүк ишмердүүлүгүңүздөрдө мыйзамдуулукту сактап, жарандардын укуктарын коргоодосуздар. Өлкөдө орун алган социалдык-экономикалык, саясий шарттарда жоопкерчилик мындан дагы көбөйүүдө. Ошондуктан милицияда өз кесибин сүйүп, ага жоопкерчилик жана абийир менен мамиле кылып, курч маселелерди тиешелүү деңгээлде жана өз убагында чечкен кесипкөйлөр иштөөдө. Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап жатып бекем ден соолук, ийгилик жана үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалап кетмекчимин", - деген Ниязбеков куттуктоосунда.
Ошондой эле кызмат учурунда кызматтык милдеттерин аткарып жатып курман болгон милиция кызматкерлери дагы эскерилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.