super.kg logo

"Жогорку кызматтагы адамдын тиешеси бар". Финпол 90 миллион сом өлчөмүндөгү салык төлөбөй жүргөн компанияны аныктады

 

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы ири көлөмдөгү салык төлөмдөрүн төлөбөй жүргөн ачык акционердик коомуна тиешелүү фактыны аныктады. Бул тууралуу Финполдон маалымдашты.

Ага ылайык, "МИС" деп аталган ачык акционердик коому 90 миллион сом өлчөмүндөгү салык төлөмдөрүн төкпөй келгени маалымдалат.

"Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунда бул компанияга тиешелүү өндүрүш, соода жана айыл чарба тармагындагы 30 объекти бар экени такталды. "МИС" (машина сыноочу станция) ачык акционердик коомунун эки негизги акционери бар экен. Алардын бири "E.C.L" оффшордук компаниясы болсо, экинчиси Ж.А. аттуу өлкөнүн жогорку кызматта иштеген адамдын жубайы экени такталды. Мындан тышкары компетенттүү органдын берген маалыматтарына ылайык, аталган компания 2009-жылы жогорку кызмат адамдарынын көмөгү астында Финансы министрлигинин алдындагы экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фондунан 200 миллион сом өлчөмүндөгү бюджеттик ссуда (ред. пайызы жок насыя) алган. Ссуда 2012-жылга чейин кант кызылчасынын уруктарын өндүрүү жана аны иштетүүчү заводго керектүү шаймандарды алуу үчүн берилген. Бирок берилген каражат максаттуу пайдаланылган эмес. Ал эми ссуданы кайтаруу мөөнөтү эки жолу 2025-жылга чейин узартылган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
30.10.2020. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ушуга окшогондор чон суммадагы акчаларды пайдаланып журот,, элге болсо проценти жогору насыя беришет
30.10.2020. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чон суммадагы акчаны алганы аз келгенсип,налог да толобой,уялбай жер устундо кантип басып журот ошондой адамдар, тан каласын.Карапайым эл,алганын сразу толобосо,уйлорун алып коет,а мындай жузу жокторго закон деле,кудай деле жокпу??
30.10.2020. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ж.А
Акылбек Жапаров
31.10.2020. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсың Сыймык. Баарын текшерт, сен кыла турган иштер дагы алдыда көп.
31.10.2020. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз Сыймык байке так держать до конца
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: