super.kg logo

Кара-Сууда "кеч келдиңер" деген жаран "Тез жардам" унаасынын терезелерин талкалап салды

 

Ош облусунун Кара-Суу районунун Бирлешкен айылында жергиликтүү тургун тарабынан "Тез жардам" кызмат унаасы талкаланды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-октябрда Кара-Суу районунун 56 жаштагы тургуну саат 18:30 чамасында энесинин кан басымы көтөрүлүп кеткендиктен "Тез жардам" кызматын чакырган.

"Тез жардам" кызматы келип, фельдшер бейтапты карап жаткан маалда, бейтаптын уулу айдоочу менен жаңжалдаша кетип, унаанын терезелерин талкалап салган. Ал айдоочуга "кеч келдиңер" деп доомат коюп, айдоочуну сөккөн. Бирок "Тез жардам" кызматы чакырууга 11 мүнөттө барган. Териштирүүдө "Тез жардам" чакырган жаран ал учурда мас болгону аныкталды", - дешти башкармалыктан.

Аталган окуя "бейбаштык" беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, 56 жаштагы тургун сурак берип жатканы маалымдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
31.10.2020. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо эмне эле болуп барайтабыз,бизде тескери эволюция болуп кайра маймылга айланып бараткандайбыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: