Жогорку Сот БШКнын арызын экинчи ирет артка кайтарды

БШКнын парламенттик шайлоонун мөөнөтүнүн жылдырылышы боюнча Жогорку Сотко кечээ, 29-октябрда берген экинчи жолку кассациялык доо арызы кайрадан кайтарылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга себеп катары соттук актынын даттануу убактысы бүткөнү менен түшүндүрүлдү.
"Шайлоо мыйзамдарына ылайык, Жогорку Соттун чечими "акыркы жана кайра каралбайт". Ошондой эле даттануу доо арыздарын берүү мөөнөтү дагы кайрадан коюлбайт. Белгиленген мөөнөттөн өткөндөн кийин доо арыздар кабыл алынбайт", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, БШК Бишкек шаарынын административдик сотунун шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча чыгарган чечимине каршы экенин билдирип, 26-октябрда Жогорку Сотко кассациялык доо арызы менен кайрылган. Кечээ, 29-октябрда Жогорку Сот БШКнын доо арызын артка кайтарганы маалымдалган. Ошол күнү БШК Жогорку Сотко экинчи жолу кассациялык доо арыз менен кайрылган.
Окуянын чоо-жайы:
6-октябрда БШК алдыда өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. БШК кайра шайлоонун мөөнөтүн 2020-жылдын 20-декабрына белгилеген.
Бирок БШКнын чечимине каршы "Актив" партиясы, ошондой эле Демократия жана жарандык коом коалициясы Бишкек административдик сотуна кайра шайлоо өткөрүү чечимин жараксыз деп табуу боюнча доо арыз менен кайрылган.
Бишкек шаарынын административдик соту 24-октябрда БШКнын 21-октябрдагы кайра шайлоонун мөөнөтүн дайындоо боюнча кабыл алган чечимин жокко чыгарган.


1 |