super.kg logo

"Алар бизге укмуштуудай жардам бермек". Лукашенко Кыргыз өлкөсүндөгүдөй элдик кошуунду түзүүнү сунуштады (видео)

 

Беларусь президенти Александр Лукашенко Кыргыз өлкөсүндөгүдөй кылып элдик кошуун түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчы Лукашенко шаар ичинде милиция кызматкерлерине тартипти сактоого көмөктөшкөн ыктыярдуу элдик кошуундарды түзүү тууралуу ИИМдеги жаңы кадрдык дайындоолор маалында билдирди.

"Бизде элдик кошуундар жапа тырмак ишке кирише элек. Силер Кыргыз өлкөсүндө эмне болгонун көрдүңөрбү? Баш аламандыкта күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери качып кеткенде, өлкөнү коргоо жоопкерчилигин ким алды? Элдик кошуундар. Алар качып кеткен милиция, аскер кызматкерлери, атайын кызматтагыларды кошуп алып күчтүү элдик кошуунду түзүштү. Анан бир сутканын ичинде эле өрткө суу сээп коюшту", - деди Лукашенко.

Ошондой эле өлкө башчысы мобилдик отрядга мурдагы аскер кызматкерлерин тартууну билдирди.

"Ошон үчүн элдик кошуундар иштеши керек. Акыры алар өлкөнү эмес, өз үйлөрүн коргоосу керек. Ал эми өлкөнү болсо биз силер менен - генералдар жана башка адамдар, ички аскерлер, армия болуп өлкөнүн корголушун камсыз кылабыз", - деп кошумчалады президент.






Беларусь президенти Александр Лукашенко Кыргыз өлкөсүндөгүдөй элдик кошуун түзүүнү сунуштады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(4)
30.10.2020. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Казды туурайм деп карганын буту сыныптыр болуп журбосун
30.10.2020. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ээ Лукаш чоң суйлобочу мойлооунду жулуп башына чач кылып тигип койот Кыргыздар
02.11.2020. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
salimbek87.kg,кыгына куурай сая албайсынар
30.10.2020. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Красавчик. Лукашенко мен сыйлаган Лидер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: