Нургазы Анаркулов президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды
4-октябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого "Мекенчил" партиясынан талапкер болгон Нургазы Анаркулов президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
"Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Анаркулов Нургазы Сейитказиевич Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды", - деп жазылган билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

