Бишкек шаарынын 8 көчөсүнө адамды жүзүнөн таануучу 70 заманбап видеобайкоочу камераларды орнотуу иши уланууда





Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ленин районунун аймагында видеобайкоочу камераларды орнотуу иштерин улантууда. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Ленин районунун башчысы Чынасыл Чыныбаевдин жетекчилиги менен борбор калаанын Сухомлинов, Жунусалиев, Жаманбаев көчөлөрү жана Чыңгыз Айтматов кең көчөсү менен чектелген аянттагы сегиз көчөгө адамды жүзүнөн таануучу 70 заманбап видеобайкоочу камераларды орнотуу боюнча иштердин жүрүшү менен таанышты.
"Көп кабаттуу үйлөрдүн ортосуна магистралдык кабелдерди тартуу иши башталган. Мониторинг панели Жунусалиев көчөсүнүн №40 дарегиндеги шаардык ички иштер бөлүмүнө орнотулат. Буга чейин "Ош базарынын" аймагында Ленин РИИБи тарабынан 10 тышкы видеобайкоочу камералары орнотулган", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу жарандар! Бардык суроолор боюнча муниципалитеттин чалуу борборуна күнү-түнү кайрыла аласыз.
Көйгөйлөр бар сүрөттөрдү 0(554) 18-21-85 номерине жөнөтсөңүз болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.