super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан СПИД илдетин жуктуруу боюнча дүйнөнүн алдынкы 7 өлкөсүнүн катарына кирди

 

1-декабрь - Бүткүл дүйнөлүк ВИЧ/СПИД менен күрөшүү күнүнө карата Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева журналисттерге маалымат берди. Анын айтымында, Кыргызстан СПИДди жуктуруу боюнча дүйнөнүн алдынкы 7 өлкөсүнүн катарына кирди. "Биз канчалык ВИЧ/СПИД тууралуу маалымат берсек дагы, өлкөдө СПИД менен ооругандардын саны орточо эсеп менен  ай сайын 50-70ке өсүп жатат. Ушул эле жылдын октябрь айында 4469 жарандын СПИД менен ооруганы аныкталса, ноябрь айында алардын саны 4532ге жетти. Бул статистикалык гана маалымат. Бизге кайрылбаган жарандардын саны мындан да көп",- деди министр. Ошондой эле Динара Сагынбаева кыргызстандыктар СПИД оорусун олуттуу кабыл алууга даяр эмес экенин белгилеп, аталган оору ар бир үй-бүлөгө коркунуч туудуруп баштаганын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: