super.kg logo

Милициянын улук лейтенанты Азатбек Деркембаев: "Жарандар менен жакын мамиледе болуу, элдин ишенимин арттыруу биздин максат"

 

Кыргыз милициясынын 96 жылдыгына карата улук лейтенант Азатбек Деркембаев кесиптештерин жана ички иштер органдарынын ардагерлерин куттуктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Учурда милициянын улук лейтенанты Азатбек Деркембаев Нарын РИИБинин Оттук айылындагы Жээналиев атындагы айылдык милиция бөлүмүндө аймактык ыйгарым укуктуу тескөөчүсү болуп кызматын өтөйт. Ал азыркы кызмат ордунда үч жылдан бери иштейт. Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.

Милициянын аймактык ыйгарым укуктуу тескөөчүсүнүн алдына кандай тапшырмалар коюлган жана милиция кесибин эмне үчүн тандап алгандыгы тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып өттү.

“Милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдына эң негизгиси болуп кылмыштарды, укук бузууларды алдын алуу, жарандар менен жакын мамиледе болуу, элдин ишенимин арттыруу тапшырмалары турат. Иштин ийгиликтүү болуусу үчүн адамдар кандай гана оор кырдаал болбосун жардам алуу, укуктук жактан кеңеш алуу үчүн кайрылган учурда мыйзамдын чегинде жардам берип коюу керек. Канчалык эл менен болуп, жакындан мамиле кылсаң милиция кызматкерине жашоочулар тарабынан сый-урмат көрсөтүлүп, аймактык тескөөчү жогорку ишенимге ээ болот.

ИИОнун кызматкерлери көп убактысын кызматка арнап, жарандарга түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин жүргүзүүгө көбүрөөк басым жасашат эмеспи. Жергиликтүү жашоочулардын ар биринин көйгөйүн билип, айрым адамдарга айткан кеңештериңдин жардамы тийип, ыраазычылыктарын айтып калган учурда милиция кесибин тандап алганыма кубанып, туура жолдо экендигиме сыймыктанып алам”, - деп билдирди Азатбек Деркембаев.

Азатбек үчүн элдин алкышына арзуу, кызматын ак дилден абийирдүүлүк менен аткаруу анын алдыга койгон негизги максаты жана кызматтык милдети экенин кошумчалады.

Милициянын улук лейтенанты Азатбек Деркембаев алдыда келе жаткан 1-ноябрь - Кыргыз милициясынын күнү менен кесиптештерин жана ички иштер органдарынын ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, үй-бүлөлөрүнө бейпилдик, иштерине ийгилик жана бекем ден соолук каалап өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: