Ошто ачылган китепканага Чубак Жалиловдун ысымы берилди (сүрөт)





Ошто Шейх Чубак Жалилов атындагы китепкана ачылды. Бул тууралуу китепкананын түптөлүшүнө салым кошкон Зафар Мирбобоев SUPER.KG порталына кабарлады.
Анын маалыматына ылайык, китепканада бир эле диний китептер эмес, дүйнөлүк адабият жана классикалык адабияттар да бар.
“Бул китепканада Ыйык Куран китебинен баштап маркум Чубак Жалиловдун жазган китептери, ошондой эле башка диний аалымдардын китептери менен дүйнөлүк адабияттар да бар.
Китепкананын ачылышына Мыктыбек Арстанбек жана маркум Чубак Жалиловдун атасы Тажикул Жалилов жана башкалар катышты. Тактап кетүүчү учур болуп турат, интернет булактарында бир аз так эмес маалымат жарыяланып жатат, чынында китепканада бир эле диний китептер эмес, башка тармактагы китептер да бар, окурмандар үчүн эшик ачык”, - деди Мирбобоев.
Ушул жылдын 11-июлга караган түнү Улуттук госпиталда Кыргыз өлкөсүнүн мурунку муфтийи Чубак Жалилов 45 жашында көз жумган.


1 |