super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнө жүзү боюнча 45 миллиондон ашуун жаран ооруну жуктуруп алды

 

Бүгүн, 31-октябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 45 миллион 483 миң 874 болду. Анын ичинен 30 миллион 236 миң 155 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 1 миллион 187 миң 550 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 9 миллион 36 миң 683 адамдан коронавирус аныкталды. 229 миң 594 адам каза болсо, 3 миллион 587 миң 452 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 8 миллион 88 миң 851 адамдан аныкталды. 121 миң 90 адам каза болсо, 7 миллион 373 миң 375 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 5 миллион 494 миң 376 адам вируска кабылган. 158 миң 969 бейтап көз жумса, 4 миллион 962 миң 574 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: