super.kg logo

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго автоматтык сугаруу системасы орнотулду

 

Кыргыз футболдук союзу Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун футболдук талаасын сугарууга автоматтык системаны орнотту. Муну менен газонду улуттук курама команданын жана клубдардын эл аралык оюндарына мыкты даярдоого мүмкүн болот. ФИФА жана АФКнын оюн алдында жана тыныгуу маалында футболдук талааны сугаруу керек деген талабын аткарат.

"Автоматтык сугаруу системасы футбол талаасын оюндар алдында мыкты даярдоого мүмкүндүк берет" дейт Кыргыз футболдук союзунун өкүлү Юрий Ерошенко.

– Футболчулардын жаракат алуусу төмөндөйт, талаанын сапаты жогору болот. Мурда талааны сугарууга алты сааттан кем эмес убакыт керектелсе, азыркы учурда бир сааттан ашык эле жетет. АФКнын өкүлдөрү келгенде оюн алдында жана тыныгуу маалында талааны сугаргыла деген талабын аткаруу чоң көйгөй эле. Шланг жана насосторду алып чыкканга эле көп убакыт сарпталчу, азыр эми бул керектелбейт. Системанын иштеткенден кийин мындай көйгөй жаралбайт.

Бул автоматтык сугаруу системасы иштеген Кыргызстандагы үчүнчү стадион. Кант шаарындагы эки футболдук талаасында автоматтык сугаруу системасы иштеп келет.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
31.10.2020. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Газонго да бир конул болуп койсо, негизи аракетинер жакшы))
01.11.2020. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаңы стадион салабыз деп сөз берген болчу. Убада бергенден кийин сөздө турушу керек эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: