Измир шаарындагы жер титирөөдөн жаракат алгандардын арасында Кыргыз жарандары бар же жок экендиги такталууда
30-октябрда Грециянын Самос аралына жана Түркиянын Измир провинциясындагы Сеферихисар шаарына жакын Эгей деңизинде күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн кесепетинен 20га жакын турак үй урап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен 20дан ашуун жаран каза болсо, 800дөн көп адам жаракат алган. Жабыр тарткандардын арасында азырынча Кыргыз жарандары жок экендиги Тышкы иштер министрлигине байланышканыбызда белгилүү болду.
"Кыргыз өлкөсүнүн Стамбулдагы Башкы консулдугунун маалыматына ылайык, түрк бийлиги менен кыргыз диаспорасынын кызматкерлери жабырлануучулардын арасында Кыргыз жарандары бар же жок экендигин тактоо иштерин жүргүзүшүүдө. Бул маселе консулдуктун көзөмөлүндө", - дешти мекемеден.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.