1 жарым миллион сомго чукул каражатты уурдоого жана башка кылмыштарга тиешеси бар делинген жарандар Бишкектен кармалды




Бишкекте тоноочулукка, башка бирөөнүн мүлкүн уурдоого байланыштуу бир катар кылмыштарга катышкан топтун мүчөлөрү кармалды.
Чүй ОИИБинин маалыматына ылайык, 21-октябрда Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кант шаарынын көчөлөрүнүн бириндеги тоноо фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн. Айтылган дарекке милиция кызматкерлери барып, окуя саат 03:00 чамасында коммерциялык банктардын биринде болгонун аныкташкан. Анда бет кап кийген үч белгисиз жаран банкка кирип, 1964-жылы туулган күзөтчү М.Г`га күч колдонуп, банкоматты ачып 1 миллион 400 миң сомдон ашык суммадагы накталай акчаны алып, белгисиз тарапка качып кетишкен.
Жогорудагы факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене ("каракчылык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
