super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров ички иштер органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерди Милиция кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

 

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров ички иштер органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерди кесиптик майрамы — Милиция кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоо сөзү.

"Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Бүгүн кыргыз милициясы өзүнүн кесиптик майрамын белгилеп жатат! Бул майрам — милиция кызматкерлеринин муундан-муунга сиңирип келген эмгегин мамлекеттик деңгээлде таануу, алардын жан аябастан өтөп жаткан кызматына коомдун сый көрсөтүүсү болуп эсептелет.

Ички иштер органдарынын тарыхында эрдиктин жана баатырдыктын үлгүлөрү көп. Түзүлгөн күндөн тартып милициянын кызматкерлери басмачыларга каршы күрөшүп, Улуу Ата Мекендик согуш жылдары эрдик менен душмандарга каршы кармашып, согуштун жалыны жетпеген жерлерде укук тартибин камсыз кылышса, согуштан кийин мамлекетти кылмыштуу кол салуулардан сактап келишкен.

Учурда милициянын кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик милдеттерин терең билип, коомдо жүрүп жаткан өзгөрүүлөрдүн татаал шарттарында өз милдеттерин ийгиликтүү аткарып, мыйзамдын, адам укуктарынын сакчылары болууда жана уюшкан, улут аралык мүнөзгө айланган кылмыштуулукка, терроризмге, диний экстремизмге каршы күрөшүп келүүдө. Мындан ары да жүктөлгөн милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарып, элдин ишеничин актап, коомдун коопсуздугун жана мыйзамдардын бекем сакталышын көздөп, ички иштер органдарынын аброюн бийик көтөрөт деп сиздерге терең ишенем.

Ошондой эле өздөрүнүн көп жылдык билимин жана тажрыйбасын жаш муундарга берип жаткан урматтуу ардагерлерге терең ыраазычылыгымды билдирем. Биз өлкөдөгү коомдук тартипти сактоодо жөнөкөй жарандардын жардамына таянабыз жана алардын пикирлерин жогору баалайбыз.

Ички иштер органдарынын өздүк курамын жана урматтуу ардагерлерин Милиция күнү менен чын жүрөктөн куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер.

Сиздерге жана сиздердин жакындарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакты-таалай жана кыргыз элинин бейпилдиги үчүн өтөп жаткан маанилүү кызматыңыздарга ийгиликтерди каалайм!".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: