"Коррупциялык иштерге аралашкан жарандарды кеңешчи кылганы үчүн өкмөт башчыны камакка алам". УКМК Камчыбек Ташиевдин атынан тараган маалымат фейк дейт
Интернетке "Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев коррупциялык иштерге катыштыгы бар жарандарды кеңешчи кылып дайындаганы үчүн президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровду камакка алат" деген билдирүү тараган. Бул боюнча бүгүн, 31-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы расмий маалымат таратты.
"Маалымат фейк. УКМК жарандарга бийлик өкүлдөрүн дискредитациялаган жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.
Жалган маалымат тараткандарга карата мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу каралган", - дешти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
3

Чектен ашып кетти!