super.kg logo

"Ухан вирусу": Илдетти жуктургандардын саны 46 миллионго чамаласа, анын 9 миллиондон ашууну АКШда катталды

 

Бүгүн, 1-ноябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 45 миллион 967 миң 61 болду. Анын ичинен 30 миллион 236 миң 155 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 1 миллион 194 миң 325 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 9 миллион 116 миң 184 адамдан коронавирус аныкталды. 230 миң 345 адам каза болсо, 3 миллион 612 миң 478 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 8 миллион 137 миң 119 адамдан аныкталды. 121 миң 641 адам каза болсо, 7 миллион 432 миң 829 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 5 миллион 535 миң 605 адам вируска кабылган. 159 миң 884 бейтап көз жумса, 5 миллион 5 миң 161 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: