Измирде жашаган мекендешибиз: "Жер силкинүүлөр токтой элек"
30-октябрда Самос аралына жана Түркиянын Измир провинциясындагы Сеферихисар шаарына жакын Эгей деңизинде күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган.
1-ноябрга карата андан каза болгондордун саны кем дегенде 43 болгонун түрк басылмалары жазышууда. Ошондой эле дээрлик 900дөй адам денесинен ар кандай жаракаттарды алышкан. Измир шаарында иштеп, жашаган Кыргыз жарандары да жок эмес.
SUPER.KG порталы көп жылдардан бери Измир шаарында жашап жаткан мекендешибиз Жылдыз Жаныбекова менен байланышты. Ал Измирде жер силкинүүлөр дагы да болсо токтой электигин айтат.
- Саламатсызбы! Учурда Измир шаарында абал кандай? Биздин мекендештердин арасында жабыр тарткандар жокпу?
- Кудайга шүгүр, азырынча Кыргыз жарандарынан жабыр тарткандар жок. Бул жактагылар сураштырып, тактап жатабыз. Бирок азыр дагы деле жер титирөө токтой элек, майда толкундар бат-баттан болуп жатат. Азыр жазып жатканымда да болуп өттү. Коркуп калыптырбыз, түндөн бери уктаган жокпуз.
Жер силкинүү болуп жатканда үйдөн сыртка качып чыктым. Коркконумдан качып келе жатканда подъезддин шыбалган шыбагы үстүмө түшүп, кулап кеттим. Айла жок, Кудайга дуба кылып отурабыз. Дагы 10 күн ичинде ушундай силкинүүлөр кайталанат деп жатышат. Айрымдары дагы бир чоң толкун болот деген божомолдорду айтышса, илимпоздор дагы чоң толкун эмес, майда силкинүүлөр болуп турат дешүүдө. Биздин таанышыбыз болгон Түрк жаранынын үйү жараксыз болуп, ал эми анын жанындагы турак үй урап, 2 досу каза болду.
- Оор учурда берген маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Мекендештерибизге аманчылык тилейбиз.
- Рахмат. Кыргыз өлкөбүз да тынч болсун.
