Маданият күнүнө карата бир катар театр актёрлору республикалык сыйлык менен сыйланды



Бүгүн, 2-ноябрь маданият кызматкерлеринин майрамына карата Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын бир катар актёрлору республикалык сыйлык менен сыйланды. Бул тууралуу аталган театрдын расмий баракчасына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, акыркы мезгилдеги чыгармачылык ийгиликтери үчүн Кымбатбек Алимжан уулу, Өмүрзак Токтомуратов өңдүү бир катар өнөр адамдары сыйланган.
"Биздин театрда сонун жаңылык. 2-ноябрь маданият кызматкерлеринин майрамына карата биздин театрдын артисттери Өмүрзак Токтомуратов, Кымбатбек Алимжан уулу жана Болот Бейшеналиевге Советбек Жумадылов атындагы республикалык сыйлык ыйгарылды. Театрдын жамааты чын дилибизден куттуктап, ийгиликтерди каалайбыз", - деп жазылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.