super.kg logo

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

 

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Мамлекетибиз эгемендүүлүктү алгандан тартып элибизге бакыттын дөөлөтү конуп, кыска мөөнөттүн ичинде жакшы ийгиликтерге жетиштик. Эгемендүүлүктү алгандан кийин 1995-жылы 2-ноябрь Маданият кызматкерлеринин күнү деп кабыл алынып, бүгүн маданият жана көркөм өнөр кызматкерлеринин кесиптик майрамынын даталуу күнү - 25 жылдык мааракеси белгиленип жатат.

Маданият - коомдук жүрүм-турумдун, эреже-тартиптердин системи, ыймандуулук жана интеллектуалдык байлыктын, элибиздин дүйнө таанымынын казынасы.

Маданият - турмуштун күзгүсү демекчи, көркөм өнөр жана маданият ишмерлери коомдо улуттун сыймыгы болуп келген. Алар кайсы гана доор болбосун саясий идеологиялык абалга көз каранды болбой, ачык-айкын ой-пикирлерин айтышып, таамай сүйлөп, улуттук сапатыбызды, адеп-ахлактуулукту көрсөтүп келишкен. Себеби көркөм-өнөр жана маданият чөйрөсү ар бир өлкөнүн экономикасынын жана саясатынын түркүгү болуп саналат.

Маданият жөнүндө сөз кылуу - бул биринчи кезекте, улут жөнүндө сөз кылуу, маданиятсыз улут болбогондой эле, улутсуз маданият болбойт.

Сиздер улуттук асыл дөөлөтүбүздү, кылымдан бери келе жаткан нарк-насилдүү салтыбызды жаштарга үйрөтүп, жеткирип, урпактарга багытталган эмгегиңиздер менен коомубуздун урматына ээ болдуңуздар.

Көөнөрбөс руханий мурасыбызды бөксөртпөй сактоого, элибиздин маданий казынасын байытууга кошкон баа жеткис салымыңыздарды жогору баалайбыз.

Маданият чөйрөсүнүн ишмерлеринин мекенге, дүйнөгө болгон жаштардын көз карашын калыптандырууга, аларды мекенчилдикке, атуулдук намыска, жаратмандыкка тарбиялоого кошкон салымын да белгилеп кетем. Мамлекет тарабынан маданиятыбыз ата-бабаларыбыздан калган көөнөргүс өнөр менен толукталып, андан ары өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулуп келе жатат.

Сиздерге театр, кино, сүрөт, музыка жана жалпы маданият жаатында жаңы табылгалар менен улуттук маданиятты өнүктүрүп жатканыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Баарыңыздарга бекем ден соолук, бакубат жашоо, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм", - деп жазылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: