super.kg logo

Эне тилге эки мүнөт: "А-бу дегенче" деген сөздү кандай түшүнөсүз?

 
"Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында фразеологизм сөздөрүнүн маанисин эл аралык Кувейт университетинин лингвистика жана социалдык гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти Гүлнур Жамалбекова түшүндүрүп берди.
1. Абыгер чегүү - азап тартуу, кыйналуу, капа болуу, түйшүк тартуу. Мисалы: Адыл аганын өзү айткандай, бирөөнүн кабагы бүркөлө калса, баары абыгер чегип, ошонун үстүнө түшө калышат. (А.Убукеев)
2. Кудайдан жөө качкан - өтө шум, ашкан митаам, куу. Мисалы: Ал бирди эки кылган, Кудайдан жөө качкан неме. ("Чалкан")
3. А-бу дегенче - бат эле, тез эле, ары-бери караганча. Мисалы: Ааламга жарык күйүп, элдин көзү ачылганда, экөөбүз а-бу дегенче, карылыктын кирип келгенин көр, өтүп бара жатабыз. (Егиналиев).

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
03.11.2020. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы. Ушул сөздөрдүн маанисин билбеген кыргыздар да бар бекен?
03.11.2020. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Үйдө сүйлөшүп отуруп.балама.кой балам антип айтпа.ал өзү мусаапыр болсо десем.Мусаапыр деген ким деп таң калылты. Анан маанисин түшүндүрүп бергем. Жаштар көп нукура кыргызча сөздөрдүн маанисине түшүнүшпөйт. Биз да ал сөздөрдү көп колдонбой калдык да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: