super.kg logo

Кезерип кезек күткөндөр. Орусияга учууга билет маселеси орчундуу бойдон калууда

 
Бишкектин Эркиндик сейил багында жайгашкан "Аэрофлот" авиабилеттерди сатуу жана брондоо борборунда Орусияга билет алуу үчүн жарандардын узун кезеги орун алды. Алар кезек күтүүдөгү көйгөйлөрү тууралуу SUPER.KG порталына айтып, тиешелүү тараптарга нааразы болушту.

Айтымдарында, Орусияга кетүү азыркы тапта негизги көйгөй болуп турат. Алардын арасында эки айдан бери кезек күтүп тургандар бар жана билет баасы да асман чапчыйт.

"Билет алуу үчүн эртең менен жумушка келгендей эле кезек күтүүгө келебиз. Бул жактан Орусиянын жарандыгы барлар бат эле билет алып кетишет, ал эми Кыргыз жарандарына билет жок деп жатышат, болсо да кымбат. Аталган көйгөй менен биз элчиликке да кайрылганбыз, бирок алар бул маселеге тиешеси жок экенин айтышты. Бизге чартердик учак менен кетүүгө да уруксат бербей жатышат", - деди атын атагысы келбеген жаран.

Ал эми бул көйгөйдүн чоо-жайын билүү үчүн "Аэрофлот" борбордук мекемесинин адистерине кайрылганыбызда, кезек күтүп жаткан жарандарга карата комментарий берүүдөн баш тартышты.






"Эрте менен жумушка келгендей эле билет алуу үчүн кезек күтүүгө келебиз". Орусияга билет алуу үчүн жарандар айлап кезек күтүүдө

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
03.11.2020. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Өткөндө бул жактан шашып кеттиңер эле го. Тынч жүрбөйт экенсиңер да
03.11.2020. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Соль Илецкийге жөө келип, догурунуп келгендер кайра кеталбай атышабы
03.11.2020. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
56 миң рублга алдым бугун келинчегиме.Без основания билеттердин баасы ото кымбат.Бирок айла жок алдым. Бир ай куттум арзандаар деп, арзандагыдай эмес
03.11.2020. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
adidas.,Текшерип коргуло рейсинерди,себеби без основания рейстер отмена болуп жатат.
03.11.2020. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жазда келебиз деп чатырда жашап жаткандар, кайра кетип жатат да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: