super.kg logo

Бишкектин 11-кичи районунда жана "Манас" аба майданында жарылуучу зат орнотулгандыгы тууралуу калп маалымат айткан телефондук террорчу кармалды

 

Кечээ УКМКнын кызматкерлери тарабынан телефондук террорчулукка айыпталып 1979-жылы туулган Ш.К.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалды. 20-ноябрда түнкү саат 00:00дө белгисиз адам Бишкек ШИИБине чалып, “Манас” аба майданында жарылуучу зат орнотулгандыгын айткан. Алынган маалыматтын негизинде айтылган жайга УКМКнын кызматкерлери менен адис-кинологдору жетип барышкан. Бирок текшерүүдө жарылуучу зат табылган эмес. Жогоруда кармалган адамдын үстүбүздөгү жылдын июль айында Бишкектин 11-кичи районунда жарылуучу зат бар экендигин кабарлаган телефон чалууга да тиешеси бар экени маалым болду. Бул тууралуу УКМКнын Коомчулук жана ММКлар менен байланыш бөлүмү билдирди. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш кодексинин 228-беренеси (терроризм актысы боюнча жалган маалымат берүү) боюнча кылмыш иши козголду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.11.2012. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канатка эмне болгон? Бул жигит менин мурунку кесиптешим болчу, таң калдым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: