super.kg logo

Кара-Кечеде кызматкерлер коронавирус илдети менен эмес, сасык тумоо болуп дарыланууга кетишкени айтылды

 

Кара-Кечеде кызматкерлер коронавирус эмес, сасык тумоо менен ооруган, алар дарыланууга кетишти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Жакында эле интернетте Кара-Кечеде коронавирус илдети менен жумушчулар ооруп калды деген маалымат тарап кеткен.

“Кыргыз көмүр” ишканасы тарабынан жумушчуларга жана медиктерге атайын машина бөлүнүп, жумушчулар экспресс тест тапшырып, жыйынтыгында сасык тумоо менен ооруганы белгилүү болду. 1-ноябрдан баштап мурдагы жумушчулар менен байланышта болбогон жаңы кызматкерлер тобу келишти. Кара-Кечеде жумуш штаттык режимде жүрүп жатат. Жетекчилик тараптан 30-31-октябрга караган күнү бир жарым суткага жумуш токтотулган. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлүнүн кызматкерлери, акыркы күндөрү иштеген жумушчулардан анализ алышты. Кара-Кечедеги техникаларды жана адам көп жүрүүчү жайларды дезинфекциядан өткөздү. Күн сайын атайын медицина кызматкерлери жумушчулардын дене табын текшерип, көзөмөлдөп жатышат. Жалпы жумушчуларга коронавирус илдетинен коргонуучу каражаттар бөлүнүп берилген", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: