ӨКМ: "Бир апта ичинде "Семетей" бейтаптарды кабыл алууга толук даяр болот"




Бир апта ичинде “Семетей” бейтаптарды кабыл алууга толук даяр болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 2-ноябрь күнү “Семетей” госпиталына өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жолугушуусу болуп өттү.
Министрликтердин жетекчилери “Семетей” госпиталындагы (мурунку Ганси авиабазасы) COVID-19 менен ооругандарды кабыл алууга даярдык көрүү маселесин талкуулашты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө, лабораториядан тышкары госпитал толугу менен даяр экендиги аныкталды. Жандандыруу бөлүмүндө 35 орундук, ал эми дарылоо бөлүмүндө 250 орундук бар, муктаждык жаралса, орундуктардын саны көбөйөт. Мындан тышкары Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараптан бейтаптарга жана медицина кызматкерлеринин тамак-аш менен камсыздалынышы айтылды.
4-ноябрдан баштап керектүү оргтехникалар, медициналык жабдууларды орнотуу иштери башталат. Бир апта ичинде “Семетей” COVID-19 жана пневмония менен ооругандарды кабыл алууга толук даяр болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.