Бишкекте 9 жаштагы Аяна Эмилбекова эки күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө
Бишкек шаарында 2 күндөн бери 9 жаштагы Аяна Эмилбекова дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"31-октябрда борбор калаанын тургуну Ж.У. Ленин РИИБине кайрылып, ошол эле күнү Бишкек шаарындагы Абдраев көчөсүндө жашаган үйүнөн саат 15:00 чамасында чыгып кеткен тууганы Аяна Эмилбековага издөө салууга жардам сураган. Аяна Эмилбекова 2011-жылы 11-ноябрда төрөлгөн. Бүгүнкү күнгө чейин Аянанын жүргөн жери дайынсыз болууда", - деп билдиришти башкармалыктан.
Аянанын белгилери: Бою болжол менен 120-130 сантиметр, орто денелүү, чачы кара, көздөрү күрөң. Кийген кийими: кызгылт түстөгү шым, кызгылт жилет жана спорттук бут кийим.
Урматтуу жарандар! Сиздердин Аяна Эмилбекова тууралуу маалыматыңыздар бар болсо, төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: 0 (312) 352-605, 0 (553) 102-456, 0 (703) 401-600, 0 (553) 102 -880, 0 (551) 102-326 жана 102.

Тезирек табылып аман эсен үйүнө кайтып келсин!