super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Бабанов митингде эмне үчүн Алмазбек Атамбаев менен бириккенин айтты

 

Бүгүн, 2-ноябрда саясатчы Өмүрбек Бабанов "Азаттык" радиосуна интервью берип жатат. Ага журналист тарабынан төмөндөгүдөй суроо узатылды.

"Айрымдар сизди Алмазбек Атамбаев жана башка коррупцияга шектелген адамдарды ээрчий келип, митингге келгениңизди сындап, мындай кадам менен үчүнчү элдик ыңкылаптын өнүгүшүнө опол тоодой зыян келтирди, элдик ыңкылапты ылайлап салышты деген пикирлер айтылууда. Анан сиз ушуну моюнга аласызбы? Эмне үчүн Атамбаев менен бириктиңиз?"

"2017-жылы Атамбаев кандай гана сөздү мен тарапка сүйлөгөн жок. Мен үчүн бул өтө кыйын болду. 1-2 жыл сыртта жүрдүм. Бир жылдай жиним келди. Андан кийин ойлонуп, ал кишиге таарынганда менин жашоом оңолуп кетпейт деген чечимге келдим. Кыргызда айкөлдүк деген жакшы сөз бар. Биз болсо дүйнө жүзүнө салыштырганда кичине гана калкпыз. Биз кечиримдүүлүктү билишибиз керек. Адам өзүнүн катасын сезсе, кечиримдүү болушу керек. Эгер сезбесе, Кудай аны өз ордуна коёт го дейм. Ал киши болсо менден бир топ жолу кечирим сурады. Бул жолу көпчүлүктүн алдында дагы кечирим сурады. "Туура эмес сүйлөдүм, туура эмес иш кылдым, туура эмес кадамдар болду деп", - деди Өмүрбек Бабанов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -9 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: