super.kg logo

Бир аптанын ичинде "Семетей" госпиталы бейтаптарды кабыл ала баштайт

 

Бир аптанын ичинде "Семетей" госпиталы (мурдагы «Ганси» авиабазасы) COVID-19 жана пневмония менен ооругандарды кабыл алууга толук даяр болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-ноябрь күнү «Семетей» госпиталында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жолугушуу өткөргөн.

Анда мекеме өкүлдөрү "Семетей" госпиталынын COVID-19 менен ооругандарды кабыл алууга даярдыгы тууралуу талкуулашкан.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө лабораториядан тышкары госпитал толугу менен даяр экендиги маалым болду. Жандандыруу бөлүмүндө 35 орундук, ал эми дарылоо бөлүмүндө 250 орундук бар, муктаждык жаралса, орундуктардын саны көбөйөт. Мындан тышкары, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараптан бейтаптарга жана медициналык кызматкерлерге тамак-аш менен камсыздалынышы айтылды", - деп айтылат маалыматта.

4-ноябрдан баштап керектүү оргтехникалар, медициналык жабдууларды орнотуу иштери башталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: