super.kg logo

"Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясына жаңы жетекчи келди

 

"Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын төрагасы болуп Нурбек Козубеков дайындалды. Аны бүгүн эмгек жамаатына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун статс-катчысы Илияз Ташбаев тааныштырды.

"Илияз Ташбаев Улуттук энергохолдингдин жамаатын компаниянын жалгыз акционеринин – Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун чечими менен тааныштырып, Нурбек Козубеков ар түрдүү коммерциялык жана эл аралык уюмдар менен биргеликте иштешүү боюнча көп жылдык тажрыйбага ээ экендигин белгиледи", - деп жазылат маалыматта.

"Улуттук энергетикалык холдингдин" буга чейинки төрагасы Айтмамат Назаров башка кызматка которулуп жатканына байланыштуу кызматтан бошотуусун суранып, арыз жазганы кабарланган.

Айтмамат Назаров "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясына жетекчи болуп былтыр 23-майда дайындалган. Ага чейин ал Жогорку Кеңештин депутаты болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: