super.kg logo

Ата салты: Эмне үчүн жаңы келген келиндин чачын өрөт? Анын сырын билесизби?

 

Көрөңгөлүү кыргыз элинин ар бир салты, үрп-адаты өзгөчө мааниге ээ болгон. Алар тээ алмустактан бери муундан-муунга, атадан балага өтүп, бүгүнкү күнгө жетип отурат. Ата салтын аздектеген кыргыз элинде жаңы келген келиндин чачын өрүү салты бар. Бул тууралуу Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылынын ардактуу тургуну Кымбат айым SUPER.KG порталына айтып берди.

Каарманыбыздын айтымында, чач өрүү салты - өзгөчө маанайда өтө турган азем.

Кыргызда кыздардын чачына кичинекей кезинен эле чоң маани берген. Мисалы, кичинекей кезинде кыздардын чачын беш көкүл кылып өрүшкөн. Мунун дагы өзүнүн философиясы бар. Анткени кыз баланы кичинекей кезинде майда кылып чачты өрүүдө көп убакыт талап кылынган. Мында алар кыз баланы чыдамкайлыкка, салабаттуулукка тарбиялаган десек дагы болот.

Кыз кайын журттун үйүнө келгенде беш көкүл чачы чечилет. Келин үйгө жаңы келгенде 3 күн көшөгөдө отурат. Экинчи күнү чач өрүү аземи өткөрүлөт. Анда келиндин чачы экиге бөлүнүп, чачын сары май менен майлап, өрүп, учун кебез менен байлап коюшат.

Май сүйкөгөндүн себеби майлуу-сүттүү болсун дегени болсо, чачтын учуна кебез кошуп өргөнү кебездей ак, таза жана аруу болсун деген тилекти түшүндүрөт.

Чач өрүү үчүн 2 адам дайындалат. Алардын бири көп бала төрөгөн, көп бала тарбиялаган байбиче болсо, экинчиси ошол айылга илберенки, кызматын мыкты кылып жаткан келин болот. Анан дагы сөзсүз түрдө чач өргөн байбиче, келин дагы никелүү болушу керек. Чач өрүп жаткан эки айымдын оң колуна ак жоолук (ак жолтой болсун деген ниетте) байлап коёт.

Чач өрүп баштагандан бүткөнгө чейин жаңы келинге каалоо-тилектер, баталар арналат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: