super.kg logo

Орусия элчилигинин консулдук бөлүмүндө паспорт маселелери боюнча иш убактысы узартылды

 

Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алмаштыруу боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигине келип түшкөн кайрылуулардын кескин көбөйүшүнө байланыштуу элчиликтин консулдук бөлүмүндө жарандардын паспорт маселелери боюнча иш убактысы узартылды. Бул боюнча элчиликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, паспорт маселелери боюнча жарандарды кабыл алуунун көбөйүшү үч эсеге өстү.

Иш убактысы:

  • Иш күндөрү саат 08:30дан 20:30га чейин биринчи кезекте электрондук билеттин жардамы менен (талон алуу) алдын-ала жазылбастан;
  • Ишемби күндөрү саат 10:00дөн 14:00гө чейин Орусиянын алыскы аймактарынан келген жарандарыбызды алдын-ала суроо-талаптары боюнча кабыл алынат.

Мындан сырткары аймактардан келген жарандардын саны көп экендигин эске алуу менен, консулдук бөлүмдүн 4992385069@mail.ru электрондук почта дарегине жазылуу тизмесине киргизүү үчүн кайрылуу жөнөтсө болот.

Элчилик 2020-жылдын октябрь айында 1342 жаранды паспорт алуу/алмаштыруу үчүн кабыл алгандыгын, ал эми өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2019-жылдын октябрь айында элчилик Кыргыз Республикасынын 320 жаранын кабыл алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: