"Коронавирус мени өзгөчө кабатыр кылууда". Жапаров Баткендеги сапарында элди санитардык эрежелерди так сактоого чакырды
Премьер-министр Садыр Жапаров коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны Баткен облусунда көп болуп жатканын айтып, тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилерине вирустун жайылышын алдын алуу, бейтаптардын өмүрүн сактап калуу үчүн бир катар тапшырмаларды берди. Мындай пикирди Жапаров бүгүн, 2-ноябрда Баткен эли менен жолугушуу учурунда айтканын президенттик аппараттан кабарлашты.
«Коронавирус мени өзгөчө кабатыр кылууда. Баткен облусунда абал кыйын. Ооругандардын саны көп. Учурдан пайдаланып, бардык тиешелүү жетекчилерге кайрылам: керектүү бардык иш-аракеттерди жасагыла. Уюштуруу иштери, керектүү медициналык каражаттар, дары-дармектер менен камсыздоо иштеринде бир да кемчилик кетпесин», — деген Жапаров.
Ошондой эле өкмөт башчы жарандарды санитардык- эпидемиологиялык эрежелерди так сактоого чакырган.
